Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүУнаадан кар тазалап жаткан адам. Архив
Унаадан кар тазалап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 2-декабрда, күндүз айрым райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас жергелеринде +2...+7 градус жылуу, Нарын аймагында 0...-5 градус суук, Ысык-Көлдө 0...+5, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +4...+9 градус жылуу болот.

Бишкекте жамгыр, кар жаашы мүмкүн, Ош шаарында күн ачык болот. Борбор калаада күндүн табы +4…+6, Ошто +7…+9 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0