Жекшембиге карата аба ырайы

© Фото / Азамат АйтбаевУщелье Джеты-Огуз в Иссык-Кульской области
Ущелье Джеты-Огуз в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-декабрда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Таласта 0...+5 градуска чейин жылуу, Нарын өрөөнүндө 0...-5 градуска чейин суук, Ысык-Көлдө +1...+6 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы +4...+9 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жамгыр жаабайт. Ошто +7...+9 градус жылуу болсо, борбор калаада +2...+4 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0