Декабрдын башында күн кандай болот? Синоптиктердин божомолу

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин маалыматына караганда, Кыргызстандын аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 1-2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

2-декабрда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаайт, тоолуу райондордо жана тоо этектерине дагы кар түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Очок. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыш келди, ис уруудан кантип сактануу керек? ӨКМ менен дарыгерден кеңеш
3-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-4-декабрда күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

5-декабрда жана 6-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-декабрда күндүз кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы өзгөрүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0