Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшембиде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. 24-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй жергесинде -3...+2 градуска чейин жылуу, Таласта -1...-6 градус суук, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында -1...+4, Нарын өрөөнүндө -4...+1 градуска чейин жылуу, Ысык-Көл аймагында -2...+3 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.

Борбор калаада эртең менен жана күндүз жаан, кар жаап, -1 ...+1 градуска чейин жылуу болсо, Ош шаарында +1...+3 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0