Террорчулук индексинде Кыргызстандын позициясы жакшырды

Жазылуу
Борбор Азия чөлкөмү боюнча эң коопсуз өлкө Түркмөнстан дешти. Ал эми рейтингге жалпысынан 156 мамлекет кирген.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстан "Террорчулуктун глобалдуу индексинде" салыштырмалуу түрдө коопсуз өлкө деп аталды. Бул тууралуу Австралиянын Экономика жана дүйнө институтунун эл аралык эксперттеринин тобу тарабынан даярдалган иликтөөдө айтылат.

Террорчулуктун глобалдуу индекси тигил же бул өлкөнүн ичинде жана тышындагы террордук активдүүлүктүн деңгээли менен бааланат. Мында болуп өткөн терактылар, андан өлгөн жана жапа чеккен адамдардын саны жана келтирген материалдык чыгымы каралып келет. Рейтингде канчалык жогору орунду ээлесе, мамлекеттеги теракт кооптуулугу ошончолук күч деп эсептелинет.

Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү "мыкты" деген паспорттор аталды. Кыргызстан кайсы орунда?
163 өлкө кирген тизмеде Кыргызстан 87-орунду ээлеген. Былтыркы көрсөткүчкө караганда мында мамлекет жети сапка позициясын жакшырта алган. Бул Кыргызстандын террордук кооптуулугу төмөн өлкөлөрдүн катарына кирүүсүнө жол ачты.

Борбор Азия чөлкөмүндө эң коопсуз өлкө болуп 138-орунду алган Түркмөнстан табылды. Бул жакта террордук кооптуулук дээрлик жок деп айтууга болот. Бул чекке жакыныраак, башкача айтканда, 135-сапты ээлеп Өзбекстан жайгашкан. Андан соң Кыргызстан (87-орун), Казакстан (85-орун) турат.

Быйыл Тажикстандын көрсөткүчү начар болуп чыккан, 24 сапка жогорулап, тизмеде 50-орунду ээлеген. Мындай көрүнүш бир топ адамды өлүмгө алып келген түрмөдөгү жаңжалдар менен түшүндүрүлөт. Башаламандыкты террорчулук үчүн эркинен ажыратылгандар уюштурган.

Дүйнөдөгү эң кооптуу өлкөлөр — Афганистан, анын артынан Ирак, Нигерия менен Сирия дешти.

Ал эми коопсуз мамлекеттер катары рейтингдин түзүүчүлөрү Түркмөнстанды, Белоруссияны, Португалияны, Словенияны, Монголияны, Румынияны, Тогону, Оманды, Кубаны, Түндүк Кореяны жана Сингапурду аташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0