Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан кыз. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жума күнү, 22-ноябрда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын аймактарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында -4...+1, Нарын 0...+5, Ысык-Көл, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +1…+6 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын болбойт, Ош шаарында жамгыр, кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада -1…+1 градус болсо, Ошто +3…+5 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0