Кыргызстанда атылган жаныбарлар менен канаттуулардын саны

© AFP / BULENT KILICОхота в Турции
Охота в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир жандыктарга болгон аңчылык азайган, мисалга ондатраны айтса болот. Анткен менен төрт жыл аралыгында кекиликке болгон аңчылык жети эсеге өскөн.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда аңчылар 2014-жылдан баштап 2018-жылга чейин  158,5 миң жаныбар менен канаттууларды аткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Жаныбарлардын 13 түрү үч категорияга —  туяктуу, териси баалуу жана канаттуулар деп бөлүнгөн.

Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында 158,2 миң жаныбар менен канаттуулар атылган. Алардын ичинен эки миңге жакыны тоо эчки, 370и аркар жана 150гө жакыны элик.

Мындан сырткары, каман, карышкыр, түлкү, коён, улар жана башка бир катар жаныбарлар да аңчылардын олжосуна айланган. Кээ бир жандыктарга болгон аңчылык азайган, мисалга ондатраны айтса болот. Анткен менен төрт жыл аралыгында кекилик уулагандар жети эсеге, атылган коёндордун саны жети миңден 10 миңге өскөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0