Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПервый снег выпал в Бишкеке
Первый снег выпал в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. 20-ноябрь, шаршембиде, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир өрөөндөрдө 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын жергелеринде +3…+8, Ысык-Көлдө +4…+9, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +8…+13 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаап карга айланышы мүмкүн, күндүн табы борбор калаада +5…+7 градуска чейин жетсе, Ошто термометрдин көрсөткүчү +10…+12 градуска дейре көтөрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0