Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин сууктайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдун жээгинде турган шаар тургундары. Архив
Жолдун жээгинде турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маал-маалы менен жаан жаап, тоо этектерине кар түшөт. Кээ бир аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. 20-24-ноябрь аралыгында аба ырайы кескин сууктай турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Маал-маалы менен жаан жаап, тоо этектерине кар түшөт. Кээ бир аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Декабрда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
21-27-ноябрь аралыгында аба ырайынын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй менен Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...-7 градуска чейин суук болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5 градус суук болушу күтүлөт. Тоо этектеринде түнкүсүн -8...-13, күндүз -4...-9 градус болушу ыктымал.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5, Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6 градус суук болот.

Бийик тоолуу аймактарда абанын температурасы түнкүсүн -25, күндүз -15 градуска чейин төмөндөйт.

Бир жумага карата аба ырайын материалдан окуңуздар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0