Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-ноябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 17-ноябрь. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо  этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй аймагында +6...+11, Таласта +7...+12, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +9...14, Нарын жергесинде +4...+9 градус, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө +5...+10 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкекте күн ачык болуп, борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +11...+13 градус жылуу болору болжолдонду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0