Декабрда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Жазылуу
Синоптиктердин маалыматына караганда, Кыргызстандын тоолуу аймактарында -20 градуска чейин суук болот.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет декабрь айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Чүйдө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1...-3, тоо этектериндеги райондордо жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан -6…-11 градус суукка чейин, күндүз 0…5 градус жылуулуктан 8…13 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Тропический шторм Харви в Техасе - Sputnik Кыргызстан
Алдыдагы 30 жылда суу алдында калчу аймактар аталды
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 32-34 мм, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 17-27 мм).

Таласта абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -2…-4 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12, күндүз 8…13 градус жылуу болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (22-23 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…2, тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8, күндүз 6…11 градус жылуу болот. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 5…10 градус жылуу болушу ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 28-52 мм, тоо этектериндеги райондордо 47-86 мм).

Ысык-Көлдө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0...-2, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -3... -5 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13, күндүз 0...5 градус жылуу болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (2-12 мм, чыгышында 19-26 мм).

Нарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -10…-12, Кочкор районунда -7...-9 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11 градус суук болот. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -20…-25, күндүз -9...-14 градус суук болушу мүмкүн.

Градусник установленный в Бишкеке в рамках климатического фестиваля Климат для жизни - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 1960-жылдан бери абанын температурасы канчага өскөнү айтылды
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (3-15 мм).

Алайда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -12…-14 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус суук болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (20-22 мм).

Суусамырда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -15…-17 градус суук болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -24…-29, күндүз -7…-12 градус суук болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (21-23 мм).

Жаңылыктар түрмөгү
0