Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шаршемби күнү Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттиги маалымдады.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. 13-ноябрда республикада жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас аймагында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, ал эми Ысык-Көл жергесинде +4...+9 жана Нарында +3...+8 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борбор калаада +8...+10, Ошто +13...+15 градус болору айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0