Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда  9-ноябрда күн ачык болот.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Бул тууралуу Гидрометеорология агенттигинен маалымдашты.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +9…+14 градус болсо, Нарында +6…+11, ал эми Ысык-Көлдө +5…+10 градус болору айтылды.

Бишкекте  күндүн табы  +10…+12 градуска чейин көтөрүлсө, термометр Ош калаасында +11…+13 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0