Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. 8-ноябрь, жума күнү, республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Бирок тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +6…+11, Таласта +7…+12, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +5…+10, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +8…+13 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +6…+8 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +9…+11 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0