Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү, 7-ноябрда, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Тоолуу жерлерде жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, ал эми Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +1...+6 градус жылуу болот.

Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +1...+3 жана Ошто +8...+10 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0