Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Достук Аламудунского района Чуйской области
Село Достук Аламудунского района Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшембиде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 3-ноябрда күндүз жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, ал эми Ысык-Көлдө +11...+16 жана Нарын жергесинде +10...+15 градус жылыйт.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борбор калаада жана Ошто +16...+18 градус болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0