Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шаршембиде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолуу райондоруна кар түшөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. 30-октябрда республикада күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас аймактарында +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, ал эми Ысык-Көл жана Нарын жергелеринде +11...+16 градус жылуу болот.

Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада жана Ошто +19... +21 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0