Ноябрдын башында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Жазылуу
Синоптиктердин маалыматына караганда, Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жума, 1-ноябрь күнү, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.

Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19 градус жылуу болсо, Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19 градус жылуу болот. Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 17...21 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Нарында түнкүсүн -4...1, күндүз 11...16 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16 градус жылуу болот. 

2-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Чүйдө түнкүсүн 3...8 градус, күндүз 14...19 градус жылуу болсо, Таласта түнкүсүн 0...5 градус, күндүз 14...19 градус жылуу болот. Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Нарында түнкүсүн 0...+5, күндүз 8...13 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...4, күндүз 9...14 градус жылуу болот.

3-ноябрда тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Чүйдө түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20 градус жылуу болсо, Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20 градус жылуу болушу күтүлөт. Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20 градус жылуу болот. Ал эми Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14 градус жылуу болушу ыктымал. 

Жаңылыктар түрмөгү
0