Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПодача электричества в Токтогульском районе
Подача электричества в Токтогульском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшембиде түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондоруна кар түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. 29-октябрда республикада күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүн табы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21 градуска көтөрүлөт. Ал эми Ысык-Көл аймагында +11...+16 , Нарын жергесинде +10... +15 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы борбор калаада +18...+20, Ошто +19...+21 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0