Эми Кыргызстанда автоунааны эки кишиге каттатууга болот. Чоо-жайы

© Sputnik / Эмиль СадыровПроблема с автомобильным затором в Бишкеке
Проблема с автомобильным затором в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорттун катталгандыгы тууралуу жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштады. Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааны кантип эки кишиге каттатса болорун түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Транспортту каттоо боюнча жаңы күбөлүктө "энчилеш ээси" деген графа болбойт. Бул тууралуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин өкүлү Урмат Асанкожоев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мекеме ЖМКнын жардамы менен элге автоунааны эки кишиге каттатса боло турганын жеткирүүгө аракет кылып жатат. "Энчилеш ээси" деген графа эски күбөлүктөрдө болгон, эми жаңы үлгүдөгү документте андай болбойт.

"Эки киши биргелешип машина сатып алган учур да болот. Анда бир ээси экинчисинин макулдугу жок автоунааны сата албайт. Эгер талаш жарала турган болсо сот аркылуу чечип алышат", — деди ал.

Асанкожоев маалында бул маселе ЖМК аркылуу жеткиликтүү чагылдырылбагандыктан учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0