Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
ӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, ишемби күнү республикада күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ишемби, 26-октябрда, жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Күндүн табы Чүйдө +15...+20, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, ал эми Ысык-Көл жана Нарын жергелеринде +11...+16 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы борбор калаада +18...+20, Ошто +21...+23 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0