Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобили припаркованные вдоль проспекта Эркиндик в Бишкеке
Автомобили припаркованные вдоль проспекта Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, бейшемби күнү республикада түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 24-октябрда, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19...+24, ал эми Ысык-Көлдө +12...+17, Нарын жергесинде +10...+15 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +18...+20, Ошто +20...+22 градус болору болжолдонду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0