Өкмөт: автоунааны каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү жеңилдеди

Жазылуу
Жаңы мыйзам боюнча айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюлду.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасын жеңилдетүү боюнча чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөттүн Мамлекеттик каттоо, транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укугун кайра каттоону бекиткен 23-июнундагы токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген:

  • юридикалык жактар үчүн автотранспорт каражаттарына техникалык талон берүү жоюлду;
  • транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине "биргелешкен ээси" жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат;
  • чет элдик жарандар үчүн автотранспорт каражаттарын каттоо процедурасы жеңилдетилет;
  • ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет;
  • бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер, ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт.
  • Өкмөттүн мындан эки жыл мурдагы "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук жана тракторист-машинист күбөлүктөрүн берүүнүн эрежелери" жөнүндө токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
  • айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюлду;
  • медициналык маалымдаманын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылды;
  • башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштырам деген чет элдик жарандар үчүн теориялык жактан сынак тапшыруу процедурасы жоюлду. Ал эми сынак транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырылмакчы;
  • окуудан өткөнү тууралуу күбөлүк бар болсо, ал электрондук маалымат базасына киргизилбейт;
  • бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер менен жүргүзүлөт.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0