Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
19-октябрда аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. 19-октябрь, ишемби күнү, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй менен Таласта +16...+21, Ош,  Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көлдө +10...+15, ал эми Нарын өрөөнүндө +12...+17 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүн табы +18...+20 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто абанын температурсы +23...+25 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0