Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
18-октябрда күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. 18-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир өрөөндөрүндө жаан жаап, тоолоруна кар түшүшү ыктымал, калган аймактарда күн ачык болот.

Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Талас жергесинде +13…+18, Ысык-Көл менен Нарында +8…+13, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада күндүн табы +15…+17 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +22…+24 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0