Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКүндүн батышы. Архив
Күндүн батышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир аймактарында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 17-октябрь, бейшемби күнү, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу өрөөндөрүндө кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +16…+21, Таласта +15…+20, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +12…+17, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада күндүн табы +19…+21 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +21…+23 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0