Ноябрда аба ырайынын кандай болору айтылды

Жазылуу
Синоптиктер Кыргызстанда күздүн акыркы айы болгон ноябрда сууктун эң төмөнкү көрсөткүчү 20 жана 22 градуска жетерин билдиришти.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ноябрь айында аба ырайынын эң жогорку көрсөткүчү кээ бир аймактарда +23 градуска чейин чыгары күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы Чүй өрөөнүндө +3...+5 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 0…+2 градус жылуу болушу күтүлөт.

Погода в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Катуу шамал болот. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Абанын эң жогорку температурасы биринчи декадада түн ичинде +3…+8 градус, ал эми күндүз +15…+20га чыгышы күтүлөт. Айдын экинчи жана үчүнчү он күндүктөрүндө түн ичинде -3…-8 градус болуп, абанын күндүзгү температурасы 0…+5 градустан +7…+12 градуска көтөрүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо айдын биринчи декадасында түнкүсүн 0…+5, ал эми күндүз +10…+15 градус жылуу болушу күтүлөт. Жыйырмалары менен отуздарында түнкүсүн 0…-5 менен -7...-12 градуска чейин, күндүз -2 ... +3төн тарта +5…+10 градуска чейин өзгөрүп турушу күтүлөт.

Талас облусу

Абанын эң жогорку температурасы айдын биринчи декадасында күтүлөт. Түнкүсүн термометр +2…+7ни көрсөтөт. Күндүз +10…+15тен тарта +16…+21 градуска чейин өзгөрүп турарын айтышты.

Айдын экинчи жана үчүнчү он күндүктөрүндө түн ичинде 0…-5 градустан -8...-13кө чейин болору, абанын күндүзгү температурасы 0 …-5тен тарта +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт дешти.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +5…+7, ал эми тоо этектериндеги райондордо +3…+5 градус жылуу болору айтылды.

Кол чатыр кармаган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Ноябрдын ондоруна чейин жылуулук түнкүсүн +5…+10, ал эми күндүз +18…+23 градуска жетмекчи.

Айдын жыйырмалары менен отуздарында түнкүсүн термометрдин -2 ... +3тү көрсөтөрү маалымдалды. Ал эми күндүз +3…+8ден тарта +9…+14 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлүүдө.

Тоо этектериндеги райондордо айдын биринчи он күндүгүндө түнкүсүн суук болушу күтүлөт. Айдын экинчи жана үчүнчү он күндүктөрүндө түн ичинде термометрдин көрсөткүчү 0…-5ке чейин түшмөкчү. Күндүз +1…+6дан тарта +8…+13 градуска чейин болот.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +1...+3, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында 0...+2 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ноябрдын ондоруна чейин түнкүсүн +1…+6, ал эми күндүз +10…+15 градус жылуу болуп турары кабарланды.

Айдын экинчи жана үчүнчү декадасында абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн термометрдин -2…-7 градусту көрсөтөрү айтылды. Күндүз +4...+9, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында абанын температурасы түнкүсүн -5…-10, ал эми күндүз +1...+6 градус жылуу болот дешти.

Нарын облусу

Последствия тайфуна Хагибис в в префектура Мияги. Япония - Sputnik Кыргызстан
Япониядагы тайфундан каза тапкандардын саны 14 кишиге жетти
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…-2, Ат-Башы районунда -2...-4 градус суук болору кабарланды.

Теңир-Тоодо ноябрдын биринчи декадасында абанын эң жогорку температурасы түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15 градус болот дешти.

Айдын экинчи жана үчүнчү декадасында абанын температурасы бир топ төмөндөп, термометр түнкүсүн -8…-13, күндүз 0...-5 градусту көрсөтөрү кабарланды. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -10…-15, күндүз 0...-5 градус суук болушу күтүлөт.

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -8…-10 градуска түшөт. Айдын экинчи жана үчүнчү декадасында абанын температурасы кадимкидей сууктап, түнкүсүн -17…-22, күндүз -3...-8 градус болору айтылды.

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -5…-7 градус болушу күтүлөт.

Ноябрдын онуна чейин аба ырайы түнкүсүн -1…-6 градустан тарта -7…-12 градуска чейин болот. Күндүз температура 0…+5тен тарта +6…+11 градуска чейин өзгөрүп турушу күтүлөт. Айдын экинчи жана үчүнчү декадасында абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн -15…-20, ал эми күндүз -2…+3 градус болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0