20:45 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль Садыров
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
136 0 0

Шейшемби күнү республиканын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолоруна кар түшөт, калган аймактарда күн ачык болот.

Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал- Абад жана Баткен облустарында +17...+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +10...+15 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек калааларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы Ошто +20...+22, борбор калаада +14...+16 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.

Тема боюнча

Ак-Өргө конушуна дагы канализация киргизилип жатат. Сүрөт
Белгилер:
аймактар, Кыргызстан, аба ырайы

ЭҢ МААНИЛҮҮ