Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© REUTERS / Kevin LamarqueКол чатыр кармаган адамдар. Архив
Кол чатыр кармаган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келерки аптада Кыргызстандын айрым аймактарына жамгыр, тоолуу жерлерине кар жаашы мүмкүн. Ал эми Бишкек калаасында күн ачык болору айтылды.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча, келерки жумада өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт.

13-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Калган жерлерде күн ачык болору айтылды. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаанчыл болчудай. Октябрга карата аба ырайынын божомолу
14-октябрда республиканын аймагында жаан-чачын жаабайт.

15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарындын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу жерлерине кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

16-17-октябрда күн ачык болот.  Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0