Кыргызстанда бир айлык жашоого канча акча кетет. График

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк. Архив
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүнүн облустар боюнча эң жогоркусу — Жалал-Абад, эң төмөнкүсү Талас облусунда байкалган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 2019-жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү 4839,05 сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 4 пайызга өстү. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал эми өткөн кварталга караганда 2,1 пайызга жогорулаган.

Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүнүн облустар боюнча эң жогоркусу — Жалал-Абад, эң төмөнкүсү Талас облусунда байкалган. 

2019-жылдын III кварталындагы жашоо-тиричиликке керектелүүчү акчанын бир айга эсептелген көлөмү
Кыргызстанда бир айлык жашоого канча акча кетет. График - Sputnik Кыргызстан
2019-жылдын III кварталындагы жашоо-тиричиликке керектелүүчү акчанын бир айга эсептелген көлөмү

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Бир айда жашоо-тиричиликке керектелүүчү акчага Жогорку Кеңештин депутаттары жашай алабы?" деген темада сурамжылоо уюштурган. Эл өкүлдөрү сөз болуп жаткан акча канча күнгө жетерин жана бул суммага бир ай жашай алар-албасын айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0