Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаап, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 13-октябрь, жекшембиде, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу өрөөндөрүндө кар жаашы мүмкүн, ал эми калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Таласта +18…+23, Ысык-Көлдө +11…+16, Нарында +13…+18, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +21…+26 градус болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада күндүн табы +23…+25, Ошто  +24…+26 градуска жетет.

Инжект: https://sputnik.kg/world/20191012/1045948807/yaponiya-tayfun-hagibis-4-3-mln-yaponiyalyk-zharan.html

Теги: Кыргызстан аба ырайы жамгыр кар шамал

Жаңылыктар түрмөгү
0