Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жааган жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ишембиде күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Осень в Забайкалье - Sputnik Кыргызстан
Күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткенде +19...+24, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +9...+14 градус жылуу болот.

Ош шаарында күн ачык болуп +21...+23 градус жылуу болсо, борбор калаада мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы +16...+18 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0