Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу өрөөндөрүндө кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 10-октябрь, бейшемби күнү, түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу өрөөндөрүндө кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Суусамыр өрөөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция айдоочуларды Төө-Ашуу менен Суусамырда сак болууга чакырууда
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Таласта +18…+23, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14…+19, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +21…+26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада күндүн табы +23…+25 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +25…+27 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0