Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. 9-октябрь, шаршемби күнү, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткендин кээ бир райондорунда жаан, тоолуу өрөөндөрүндө кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Таласта +14…+19, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +12…+17, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +18…+23 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы +20…+22 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0