Кимдин капчыгын кампайтып жатабыз? Кыргызстанда ири дарыканалардын кожоюндары

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКурс доллара в Москве
Курс доллара в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жалпысынан 2700дөн ашуун дарыкана пункту бар. Алардын көпчүлүгү ири компанияларга тиешелүү.

Кыргызстанда фармацевттер тикелей милдетин унутуп, сатуучу гана болуп калышты. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина бөлүмүнүн консультанты Бермет Барыктабасова билдирди.

"Дарыкана — бул медициналык жай. Фармацевттин жумушу — дарылар тууралуу бардык маалыматты билүү жана аны оорулууга сатып жатканда туура пайдалануу, сатып алуу же албоо боюнча кеп-кеңеш айтуу. Тилекке каршы, азыр көпчүлүк фармацевттер өз позициясынан тайып, сатуучу гана болуп калды. Анткени дарыканалар жеке менчик товарды өткөрүшү керек", — деди Барыктабасова.

Мындан улам Sputnik редакциясы эл оозуна алынган жана дарыкана пункттары башкалардыкынан көбүрөөк компанияларды тизмектеп, аларга ким ээлик кыларына кызыгып көрдү.

Компания директору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы банктарга кимдер ээлик кылат. Кожоюндардын тизмеси
Булардын арасында аткаминерлердин "үлүшү" барлары дагы кездешет. Мисалы, ошол эле саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди көрүүгө болот.

Маалыматтар расмий булактардан, тагыраагы, Саламаттык сактоо жана Юстиция министрликтеринин сайттарынан алынды.

Баса, буга чейинки макалада дарыканалардын канча салык төлөгөнүн жазганбыз. Ал маалыматтар "Ачык бюджет" порталынан алынган болчу. Бул жолу порталдан төмөндөгү компаниялардын басымдуу бөлүгүнүн быйыл төлөгөн салыгы боюнча маалыматтар чыккан жок.

"Неман-Фарм" дарыканасы

Жетекчиси — Алиева Күннур Сатаровна.
Негиздөөчүсү — Артыкбаев Эмиль Осмонбекович (Осмонбек Артыкбаевдин уулу — ред.).

"Эляй" дарыканасы

Жетекчиси — Садырбаева Жылдыз Эсенбековна.
Негиздөөчүсү — Акжолтоев Нурбек Жапыкеевич.

"Фарватер" дарыканасы

Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Турдубаев Жанторо Таирович.

"БИМЕД Фарм" дарыканасы

Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Чумаева Светлана Александровна.

"ФАРМАМИР" дарыканасы

Жетекчиси — Абылгазиев Ринат Шаршенбекович.
Негиздөөчүсү — Садырбаева Жылдыз Эсенбековна.

"Лекарь" дарыканасы

Жетекчиси — Храмов Анатолий Иванович.
Негиздөөчүсү — Эсенбеков Жолдошбек Эсенбекович.

"Айболит" бренди ("Медсервис.KG" компаниясы)

Жетекчиси — Насырбаева Гүлнура Жеңишбековна.
Негиздөөчүлөрү — Шакиров Майрамбек Надырбекович, Шокан Бегалиев.

"Заман" дарыканасы

Жетекчиси — Нуржанова Чолпон Кеңешбековна.
Негиздөөчүсү — Кенжеева Азиза Артуровна.

"Фармстор" дарыканасы

Жетекчиси — Жетигенов Бакыт Темирбекович.
Негиздөөчүлөрү — Жетигенов Бакыт Темирбекович, Жумалиева Үмүт Жеңишбековна.

GALENPHARM дарыканасы

Сезон свадеб в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги эң көп салык төлөгөн 20 кафе менен ресторан. Тизме
Юстиция министрлигинде мындай ат менен катталган ЖЧКнын жетекчиси — Искаков Кубанычбек Жумабекович, негиздөөчүлөрү — Чолпонбаев Алмаз Мусабекович жана Кулетова Нина Жаманкуловна. Ал эми ушул эле министрликтин маалыматтарын камтыган osoo.kg порталында GALENPHARM компаниясына буга чейин азыркы саламаттык сактоо министри Чолпонбаев Космосбек Сариевич директор болгону көрсөтүлгөн.

"СОНУН-ФАРМАЦИЯ" дарыканасы

Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Куралова Нургүл Акимбековна.

Жаңылыктар түрмөгү
0