Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада 8-октябрда күндүз туруксуз аба ырайы күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү, 8-октябрда, түнкүсүн жамгыр жаабайт. Ал эми күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

Суу ченегич. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бишкек суу канал" шаардыктар үчүн акы алына турчу жаңы кызмат киргизүүдө
Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда катуу жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Мындай кубулма аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы Чүй облусунда +20…+25, Таласта +18...+23, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +15...+20, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаайт, күндүн табы борбор калаада жана Ошто +23…+25 градус жылуу болору айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0