Бейшембиге карата аба ырайы

© AFP / SAJJAD HUSSAINКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн абанын температурасы Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондордо 0…-2, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3, ал эми Нарында -2…-4 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. 3-октябрь, бейшемби күнү, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Таласта +14...+19, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +13…+18, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18…+23 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы борбор калаада +17...+19, Ошто +19…+21 градуска чейин көтөрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0