Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОсень в Крыму
Осень в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй жана Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. 2-октябрь, шаршемби күнү, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй менен Талас жергесинин кээ бир райондорунда жаан, тоолуу өрөөндөрүндө кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Таласта +14…+19, Ысык-Көл менен Нарын жергелеринде +11…+16, Баткенде +16…+21, Ош жана Жалал-Абад облустарында +15…+20 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы +16…+18 градуска көтөрүлөт, Ошто абанын температурасы +17…+19 градусту көрсөтүп, жамгыр жаайт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0