Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия дагы көбөйөт

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын
III Всемирные игры кочевников. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү токтомго буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Пенсия жыл сайын жогорулап келет.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстанда эртең, 1-октябрдан тарта, пенсиянын көлөмү көбөйөт. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты.

Тийиштүү токтомго буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Пенсия жыл сайын жогорулап келет.

Социалдык фонддун башчысы Медер Исраилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы Соцфонддун башчысынын айткандарына жооп кайтарды
Натыйжада 4283 сомдон ашпаган пенсия алгандардыкы (241,5 пенсионер же 38 пайыз) жок дегенде 300 сомго жогорулайт. Ал эми пенсиясы 4283 сом же андан көп алгандардыкы 320 сомго көтөрүлөт.

Кайра эсептөөлөргө ылайык, пенсия орточо эсеп менен 328 сомго жогорулаган болот. Ошентип пенсиянын орточо көлөмү 5820 сомду түзөт.

Соцфонддон кабарлашкандай, 667,3 миң пенсионердин пенсиясын көбөйтүү үчүн 659,2 миллион сом керектелет. Анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгүнө республикалык бюджеттен 67,3 миллион сом жумшалат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө 592 миллион сом пенсиондук фонддон бөлүнөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0