1-октябрдан тарта мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт, акча табылды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЦеремония открытия школы им. О.Жакишева в селе Уч-Эмчек Ысык-Атинского района
Церемония открытия школы им. О.Жакишева в селе Уч-Эмчек Ысык-Атинского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары токтомго бүгүн-эртең кол коюлуп, айлык 1-октябрдан тарта көтөрүлөрүн айтты. Буга жалпы жонунан 1 миллиард 742,5 миллион сом керек.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1-октябрдан тарта билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт, каражат бар. Мындай пикирин финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Эске салсак, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлыгы октябрь айынан тарта 30 пайызга көтөрүлөрүн айткан.

"Токтомго бүгүн-эртең кол коюлуп, айлык 1-октябрдан тарта жогорулайт. Бул үчүн 1 миллиард 742,5 миллион сом керек. Акча болот, айлыкты кечиктирбей төлөйбүз", — деди Кармышаков.

Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш мугалим менен жаш дарыгердин айлыгына канча акча кошулат? Депозиттин чоо-жайы
Анын айтымында, айлыгы көтөрүлчү 120 кызматкердин арасында мугалимдер, бала бакчалардын тарбиячылары жана башкаруучу кызматтарда иштегендер бар.

Ал эми билим берүү жана илим министринин орун басары айлыкты көтөрүү менен биргеликте мугалимдердин эмгегин баалоо системасында мурда кетирилген катачылыктар дагы жоюлганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0