Күндүн көзү бузулат. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр көтөргөн кыздар. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келерки аптада өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, үшүк жүрүп, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча келерки жумада өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн сууктайт.

29-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерде 15-20 метрге чейин жетет.

30-сентябрь күнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көлдүн чыгышында жаан-чачын болот.

Боом капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боомдун жолу беш күн бою маал-маалы менен жабылып турат
1-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткендин көпчүлүк жеринде, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

2-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан-чачын болуп, өрөөндөрдө күн ачык болот.

3-октябрда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0