Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
29-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу аймактарга кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү, 29-сентябрда, күндүз туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

Абанын температурасы Чүй облусунда +23…+28, Талас +22...+27, Нарын облусунда +23…+28, Ысык-Көлдө +21…+26, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27…+32 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт, күндүн табы борбор калаада +26…+28, Ошто +30…+32 градус болору болжолдонду.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0