Жумага карата аба ырайы

© AFP / DAMIEN MEYERГрадусник. Архивное фото
Градусник. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. 27-сентябрь, жума күнү, жаан-чачын күтүлбөйт, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометеорология агенттиги билдирди.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Таласта +23…+28, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +22…+27, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +28…+33 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +28…+30 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто термометр +30…+32 градусту көрсөтөрү айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0