Өкмөт алтындан түшкөн акчаны экология менен экономикага жумшайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКумтөр алтын кениндеги ишкана. Архив
Кумтөр алтын кениндеги ишкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев фондулардын ишинин негизги механизмдериндеги кемчилик жактарды оңдоп чыгып, кыска убакытта алардын ишмердүүлүгүнүн оптималдуу моделин көрсөтүү тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимди ишке ашырууну талкуулаган кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда канча тонна алтын казылып алынган? Сандар
Эске салсак, кыргыз өкмөтү "Кумтөрдүн" акчасына Кыргызстандын экологиясын коргой турган фонд түптөгөн. Анда "Кумтөр Голд Компани" алгач бир жолку төлөм иретинде 50 миллион доллар бөлүп, андан сырткары, жылына 2,7 млн. доллар берип турмакчы болгон.

Өкмөттөгү жыйында аймактарды өнүктүрүү боюнча Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү фондусунун жана Жаратылышты өнүктүрүү коомдук фондусунун акча каражатын пайдалануу механизми жана тартиби каралган.

"Эми келип түшүүчү акчаны жаратылышты коргоо жана атамекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн пайдалангыдай механизмдерди иштеп чыгуу керек", — деди Абылгазиев.

Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү фондусунун маанилүү милдеттеринин бири ар кыл тармактагы жаңы ишканаларды түзүү жана учурдагыларын колдоо экени айтылды. Алар — облустардагы инновациялык технологияларга, жеңил жана тамак-аш өнөр жайына, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө, жер-жерлерде инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган ишканалар.

Жаратылышты өнүктүрүү фондусунун акчасы экологияны жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоого багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулары айтылды.

"Эки коомдук фондуга бөлүнгөн акча бекитилген багыттарга гана жумшалышы керек. Бул процесстерди өкмөт жана коомчулук көзөмөлдөйт. Жаратылышты коргоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча кабыл алынган чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардыгы ачык жана айкын өтүшү зарыл. Масштабдуу жумуштардын жыйынтыгы жарандардын күмөн саноосуна алып келбеш керек. Ошондуктан биз бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылып жана конструктивдүү ишке даяр болушубуз зарыл", — деген премьер-министр.

Кыргызстандын ири тоо-кендериндеги алтындын корун бекиткен геология-минералогия илимдеринин доктору Кубат Осмонбетов - Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдө алтын бар экени аң уулап жүргөндө билинген. Геолог Осмонбетовдун маеги
Абылгазиев фондулардын ишинин негизги механизмдериндеги кемчилик жактарды оңдоп чыгып, кыска убакытта алардын ишмердүүлүгүнүн оптималдуу моделин көрсөтүү тапшырмасын берди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 11-сентябрында кыргыз өкмөтү менен "Centerra Gold Inc." компаниясы ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык келишимге кол коюлган.

Стратегиялык келишим "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт. Документке ылайык, Centerra Gold Inc. компаниясы жаратылышты коргоо, биринчи кезекте Ысык-Көл акваториясынын жаратылышын коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы милдеттенмелерди алат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0