Жаан карга айланат! Шашылыш билдирүү тарады

Жазылуу
Октябрдын алгачкы күндөрү Чүй жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда суук түшүп, үшүк жүрөрү айтылды.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, үшүк жүрөрүн кабарлады.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаанчыл болчудай. Октябрга карата аба ырайынын божомолу
29-30-сентябрь күндөрү аба ырайы өзгөрүп турары маалым болду. Жекшемби күнү Чүй, Талас облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл менен Нарын облустарынын айрым жеринде жаан жаап, карга айланат.

Эртеси да өлкөнүн көп жеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап турары айтылды. Чүй менен Жалал-Абаддын тоолуу аймагында жана Ысык-Көл менен Нарында жаан карга айланышы мүмкүн, ал эми тоолорго кар жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет.

Ал эми 1-2-октябрда түндө Чүй, Жалал-Абадда абанын температурасы 0...-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Талас, Ысык-Көлдө 0...-3, ал эми Нарында 0...-4 градуска чейин сууктайт.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, мал кармоону кыйындатып, жол кыймылын, байланыш, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдаштырары кабарланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0