Милиция кыйнаса кайда кайрылуу керек. Телефондордун тизмеси

© Sputnik / Жоомарт УраимовМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип коргоо органдарынын кээ бир кызматкерлеринин мундир кийгени менен мыйзам бузуп, элдин укуктарын тебелеп жаткандыгы айтылды.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы милиция тажатып, жүдөтсө кайда кайрылуу керектигин айтып, телефон номерлерди таратты.

"Тартип коргоо органдарынын кээ бир өкүлдөрү кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, мундир аларга чексиз бийлик берген сымал мыйзамды бузат. Ал тургай кылмыш жасап жатат. Эгерде милициянын мыйзамсыз мамилесине кабылсаңыз (мыйзам бузуу, кылмыш боюнча арыздарды кабыл алуудан баш тартса, акча талап кылса, коркутса, шантаж кылса ж.б.) бизге билдирүүнү өтүнөбүз", — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Тартип бузуулар болсо ИИМдин ички иликтөө (0704-999-918, 0999-917-397) кызматына же ИИМдин нөөмөт 0312 66-23-31 бөлүмүнө токтоосуз кайрылсаңыз болот.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0