Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
25-сентябрь, шаршембиде, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Кыргызгидрометеорология агенттиги маалымдады.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Шаршемби, 25-сентябрда, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22… +27, Талас аймагында +20…+25, Нарында +26…+28, Ысык-Көлдө +21…+26, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы борбор калаада +24…+26, Ошто +28…+30 градус болору айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0