Шейшемби күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровНациональный комплекс Манас-Ордо в Таласе
Национальный комплекс Манас-Ордо в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби, 24-сентябрда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 24-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде +22... +27, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +26...+31, Нарында +21...+26, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө +18...+23 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы Ошто +28...+30, борбор калаада +25...+27 градуска жетери айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0