Кыргызстандыктардын никеге турган курагы кандай өзгөргөн? Жылдардын графиги

Жазылуу
Улуттук статистикалык комитети 2000-жылдан берки маалыматтарды чогулткан. 2018-жылкы билдирүүгө ылайык, кыргызстандыктардын көбү 27,2 жашында үйлөнсө, кыздар 23,6 жашында турмушка чыккан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 2000-жылдан бери турмуш курган кыргызстандыктардын орточо курагы кантип өзгөргөнүн Улуттук статистикалык комитети маалымдады.

Кеп кыргызстандыктар канча жашында үйлөнүп же турмушка чыгары тууралуу болууда. 

Биринчи ирет никеге турган кыргызстандыктардын орточо курагы
Кыргызстандыктардын никеге турган курагы кандай өзгөргөн? Жылдардын графиги - Sputnik Кыргызстан
Биринчи ирет никеге турган кыргызстандыктардын орточо курагы

Статкомдун маалыматына таянсак, 2000-жылы эркектердин көбү 25,6 жашында үйлөнсө, кыздар 22,4 курагында турмушка чыккан. Ал эми 2018-жылы эркектердики 27,2, ал эми кыздардыкы 23,6 жашты түзгөн.

Белгилей кетсек, башка жылдары орточо курак төмөндөп кеткен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0