Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Келерки аптада айрым аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча, келерки аптада өлкөнүн көп аймагында күн ачык болот.

22-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаанчыл болчудай. Октябрга карата аба ырайынын божомолу
23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында күн ачык болот.

24-сентябрда күндүз жана 25-сентябрда кээ бир аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

26-сентябрда күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 23-25-сентябрь күндөрү айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0